# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 442
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19888/edition/1146525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (04.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100167

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-июлу № 442 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радаоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11. Социалдык пакеттин алкагында трансляциялануучу жана ретрансляциялануучу телеканалдарда жана/же радиоканалдарда чет элдик телекөрсөтүү жана радио уюмдары тарабынан берилүүчү жарнамаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталуучу көлөмдө жайгаштырууга жол берилет.".

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:

- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында Социалдык пакеттин алкагында телеканалдарды жайылтууга чыгымдарды жабуу үчүн жарнамалардын көлөмдөрүн аныктоону караштыруучу чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Ш.Жээнбеков
