Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө» макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-июлу № 447 "2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. 2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Марокко тарапка кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 447 токтому менен жактырылган
2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 535-б буйругу менен жактырылган. Макулдашуу жарактуу улуттук дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана болуу үчүн отуз (30) күндөн ашпаган мөөнөткө виза алуу талаптарынан бошотууну карайт. Аталган Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Марокко Королдугунун жарандарынын - дипломатиялык жана кызматтык улуттук паспорттордун ээлеринин өз ара барып-келүүлөрүн жеңилдетет, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет, саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Макулдашууну ишке ашыруу финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 1876-VI "2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко…Постановление · 21.09.2017 · № 1876-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 1849-VI "2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко…Постановление · 07.09.2017 · № 1849-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 1865-VI "2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко…Постановление · 14.09.2017 · № 1865-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 535-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун…Распоряжение · 12.12.2016 · № 535-р
- 2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун…Закон · 20.10.2017 · № 180
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон