# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 440 "2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 440 "2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 440
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19883/edition/860377/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 440 "2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому (21.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100162

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-июлу № 440 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө Айыл калкынын социалдык маселелерин чечүү, сугат жерлерин өнүктүрүү, ирригациялык объекттерди куруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары - Мамлекеттик программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2017-2026-жылдардын республикалык бюджетинде Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн жыл сайын каражаттарды карасын жана аны каржылоону, инвестицияларды тартууну контролдосун.

3. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Мамлекеттик программанын ишке ашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына квартал сайын маалымат берсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков

Тиркеме 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы

1. Киришүү

Кыргыз Республикасында ички дүң продуктунун үчтөн бир бөлүгүнөн көбү агрардык секторго туура келет. Калктын жарымынан көбү айыл жеринде жашайт. Алардын негизги иши айыл чарба өндүрүшү болуп саналат, ал эми Кыргызстан ариддик зонада жайгашканын эске алсак, айыл чарбасынын негизи сугат дыйканчылыгы болуп саналат. Республикада дыйканчылыктын 90 пайыздан ашуун продукциясы сугат жерлерден алынат. Сугат жерлердеги өсүмдүк өстүрүүчүлүк Кыргызстандын калкынын жарымынан көбү үчүн кирешенин негизги булагы болуп саналат. Калктын жашоосунун социалдык-экономикалык деңгээли, өлкөнүн жана анын экономикасынын өнүгүшү көп жагынан сугат жерлери менен камсыз болууга жараша болот. Кыргыз Республикасында бюджеттик ресурстардын жетишсиздигине байланыштуу СССР тарагандан кийин фермерлер жана дыйкандар үчүн зарыл болгон жаңы сугат аянттары пайдаланууга жетиштүү киргизилген эмес. Кыргыз Республикасы ирригацияны өнүктүрүү үчүн олуттуу жер жана суу ресурстарына ээ. Тоо мөңгүлөрүндөгү тузсуз суунун запасы 650 км3 деп бааланат. Адистердин пикири боюнча климаттын жылып кетиши мөңгүлөрдүн үстүнкү катмарын кыскартууда, алардын аянты 2025-жылы 30-40 пайызга азайышы мүмкүн. Өлкөдө 47 км3 жакын жалпы жылдык агымы менен 3000ге чукул дарыя жана суу бар, Кыргыз Республикасы анын 10 км3 (20 пайызга жакынын) гана пайдаланат. Кыргыз Республикасында бир кыйла жер ресурстары бар, келечекте сугат жерлеринин аянтын 500-700 миң га көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун, жакырчылык жана айыл калкынын миграциясы менен күрөшүү маселелерин чечүү жолдорунун бири болуп ирригацияны өнүктүрүү саналат.

2. Кырдаалды талдоо

Кыргыз Республикасында 1023 миң га сугат жери бар. Республиканын сугат жерлерине суу берүү үчүн 28,9 миң км сугат каналдары бар, алардын ичинде 5,7 миң км канал чарба аралык болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин (мындан ары - СЧД) балансында турат, 23,2 миң км ички чарбалык болуп саналат жана айыл өкмөттөрүнүн, суу пайдалануучулар ассоциациясынын (мындан ары - СПА) жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин балансында турат. Республикада Суу чарба жана мелиорация департаментинин балансында турган 274 ирригациялык система жана 93 аккумуляциялоочу ирригациялык курулма (суу сактагыч, ДЖБ, СЖБ) бар. Республикада бардыгы болуп 219 насостук станция бар, алардын ичинде 11 электрлештирилген насостук станция СЧД балансында турат. Республика боюнча 5705 км коллектордук-дренаждык тармак бар, анын ичинде 1187,1 км СЧД балансында, 460,7 км - СПА балансында жана 4057,2 км айыл өкмөттөрүнүн балансында турат. Республикада коллектордук-дренаждык тармак менен 240 миң га жер бар, 87 миң га сугат жери канааттандырбаган мелиоративдик абалда турат. Республикадагы ирригациялык инфратүзүмдүн көпчүлүгү 30, 40 жана андан көп жылдан бери пайдаланылууда. Акыркы жылдары калктын өсүшүн эске алуу менен ирригациялык объекттерди курууга жана жаңы сугат жерлерин киргизүүгө болгон муктаждык Кыргыз Республикасы үчүн өтө артыкчылыктуу жана актуалдуу милдеттерден болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында (мындан ары - ТӨУС) ирригацияны өнүктүрүүгө жана суу чарба инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга олуттуу көңүл бурулган. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына жалпы суммасы 81 млн АКШ долларын түзгөн 16 ирригациялык инвестициялык долбоор кирген. 2013-2016-жылдары ТӨУС ишке ашырууга 3382 млн. сом бөлүү керек болгон, иш жүзүндө 1592 млн. сом бөлүнгөн. Анын ичинен ирригациялык долбоорлорго 2902 млн сом каралган, иш жүзүндө 1112 млн сом бөлүнгөн, 1790 млн сом каржыланган эмес. ТӨУС 16 инвестициялык ирригациялык долбоорлорунун ичинен азыркы убакта 4 долбоор ишке ашырылган. Айыл калкынын социалдык маселелерин чечүү, сугат дыйканчылыгын өнүктүрүү, ирригациялык объекттерди куруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 229 токтому менен Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программасы (мындан ары - 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программа) бекитилген, анда республика үчүн социалдык жана экономикалык жактан өтө маанилүү 22 суу чарба объекттерин куруу каралган. 22 объекттин ичинен бир гана суу чарба объекти киргизилген. 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашырууга 4928 млн сом каралган, иш жүзүндө 763 млн сом бөлүнгөн. 4165 млн сом каржыланган эмес. ТӨУС ирригациялык инвестициялык долбоорлорун жана Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программасын ишке толук ашырбоонун негизги себеби болуп жетишсиз каржылоо эсептелет, ал бюджеттик ресурстардын чектелгендиги, республикалык бюджеттин олуттуу тартыштыгы жана кирешелердин төмөндөшү менен шартталган. Ирригацияны өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында тышкы каржылоо булактарын тартуу багытында ишти активдүү жүргүзүү зарыл. 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын (мындан ары – Мамлекеттик программа) жаңы долбоорун даярдоонун алкагында республикадагы 100гө жакын ирригациялык курулуш объекттери каралган. Актуалдуулугун, экономикалык жана техникалык көрсөткүчтөрүн, региондор үчүн социалдык маанисин, жашоочулардын Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылууларын эске алуу менен 46 суу чарба объектиси тандалган.

3. Максаты, колдонуу чөйрөсү жана күтүлүүчү натыйжалар

Мамлекеттик программа айыл жашоочуларын жаңы сугат жерлери менен камсыздоо үчүн ирригациялык инфратүзүмдү курууну карайт. Айыл чарба продукцияларын өстүрүү үчүн киргизилген жаңы сугат жерлери социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет жана региондордун өнүгүшүн камсыздайт, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык менен күрөшүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт. Мамлекеттик программа 46 суу чарба объектисин (долбоорлорун) ишке ашырууга 58,8 млрд сом издеп табууда жана бөлүүдө 66,5 миң га жаңы сугат жерлерин киргизүүнү, жерлердин суу менен камсыздалуусун 51,08 миң га жерге жогорулатууну, 9,5 миң га жерди машина менен сугаруудан өзү агуучу сугатка которууну, 50 миң га жердин мелиоративдик абалын тиркелген Тизмекке ылайык жакшыртууга мүмкүндүк берет. Пайда:

- жаңы жумушчу орундарын түзүү (айыл калкына жаңы сугат жерлеринин үлүшүн бөлүү аркылуу);

- айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү;

- региондо социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу;

- жаңы сугат жерлеринде айыл чарба кооперативдерин түзүү мүмкүнчүлүгү;

- чек ара аймактарын чыңдоо;

- жергиликтүү калктын миграциясын азайтуу;

- мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн тоют базасын түзүү;

- өндүрүштүн кайра иштетүү жана кен казуу тармактарын жана чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана негиздерди түзүү.

Бенефициарлар. Сугат жерлеринде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен алектенген айыл региондорунун жашоочулары, айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнү каалаган бизнес өкүлдөрү. Пайда алуучу адамдардын саны. Жер үлүшүн болжол менен 245 миңге жакын адам алат. 200 миңга жакын адамды сугат суу менен камсыздоо жакшырат жана 150 миңге жакын адам жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылгандан кийин бул жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу пайда алышат. Экологиялык аспекттер. Сугат жерлериндеги өсүмдүк өстүрүү Кыргызстанда негизинен тузсуз суу керектелет (бардык керектөөдөгү суунун 90 пайызга жакыны). Ирригациялык объекттерди жана суу сактагычтарды куруу жерлердин деградациясынын жана чөлгө айлануусунун алдын алуу үчүн сууну пайдаланууну шарттайт. Суу сактагычтарда топтолгон суу суунун тартыш болгон мезгилин жөнгө салууга мүмкүндүк берет жана кирген суунун жана сел агымдарынын өтүүсү менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөт. Бардыгы жалпы сыйымдуулугу 487 млн м3 жакын 20 аккумуляциялоочу курулманы куруу болжолдонгон. Жерде климаттын жылуу болушу менен байланышкан глобалдык тенденцияларды жана буга байланыштуу тузсуз суунун запасынын азайышы боюнча божомолдорду эске алуу менен ирригациялык курулуш өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Ирригациялык курулуш (анын ичинде аккумуляциялоочу курулмалар), ирригациялык инфратүзүмдү модернизациялоо, сугаруунун сууну үнөмдөөчү техникасын жана курулуштагы алдыңкы технологияларды киргизүү жерде климаттын глобалдык жылышына ыңгайлашуу боюнча маанилүү куралдардын бири болуп саналат, анткени бизде болгон суу ресурстарын республиканын муктаждыктарына натыйжалуу, сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануу маселелерин чечет. Экономикалык аспекттери. Пайдаланууга берилген жаңы сугат жерлери жана кепилденген жана сугат сууну өз убагында берүү жаңы жумушчу орундарын гана түзбөстөн, орточо ижара акысына эсептегенде жыл сайын болжол менен 1,5 млрд сом алууга мүмкүндүк түзөт (1 га жерге 20-25 миң сом эсебинде). Жаңы сугат жерлериндеги мүмкүн болуучу ИДП болжол менен 12 млрд. сомду түзөт (1 га жерге 180-200 миң сом эсебинде). Жаңы сугат жерлери кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнү шарттап, мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн тоют базасын түзөт. Жаңы ирригациялык плотиналар электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн дагы пайдаланууга болот (бирок пайдалануунун ирригациялык режиминде гана). Бул кен казуу тармагын жана айыл региондорунда өнөр жайды өнүктүрүү үчүн шарт түзөт, алыскы айыл региондорунун экономикалык өнүгүшүнө түрткү берет. Жаңы сугат жерлеринде айыл чарба кооперативдерин түзүүгө болот, бул айыл чарбасынын жаңы, кыйла прогрессивдүү, интенсивдүү технологиясына жана өнүгүүнүн экономикалык пайдалуу деңгээлине өтүүгө мүмкүндүк берет. Которуштуруп айдоону сактоо сугат жерлеринин күрдүүлүгүн сактоо үчүн шарттарды түзөт.

4. Финансылык камсыздоо

Мамлекеттик программаны каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, тышкы каржылоо булактарынын жана инвестициялардын (ИӨБ, ДБ, АКГ, КЭР гранты, Экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү фонду (Корея Республикасы), Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.

5. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу

Мамлекеттик программа ТӨУС жана 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында башталган ирригацияны өнүктүрүү жана жаңы сугат жерлерин киргизүү маселелерин чечүүнү улантууга багытталган документ болуп саналат. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу каржылоо жана тышкы инвестициялык булактарды тартуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлгөн. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу тиркелген Тизмекке ылайык үч категорияга бөлүү менен суу чарба объекттерин курууну карайт. Биринчи категорияга курулушу Кытай Эл Республикасынын грантынын, Ислам өнүктүрүү банкынын кредитинин эсебинен каралган ирригациялык объекттер, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен иштер башталган объекттер киргизилген. Бул категорияга наркы болжол менен 4895 млн сомдук 17 объект киргизилген, алардын кубаттуулугу: 8965 га жаңы сугат жери, 29340 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатуу, 2800 га шарттуу сугат жерден сугат жерге которуу. Мында 28290 жумушчу оруну түзүлөт. Экинчи категорияга эл аралык финансы уюмдарынын, донорлор жана инвесторлордун (ИӨБ, ДБ, АКГ, Экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү фондунун (Корея Республикасы) ж.б.) колдоосу менен иштеп баштаган объекттер киргизилген. Бул категорияга наркы 36526 млн сомго жакын болгон 17 объект киргизилген, кубаттуулугу: 40256 га жаңы сугат жерлери, 9662 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатуу, 5000 га өзү агуучу сугарууга которуу жана 200-400млн. м3 сууну үнөмдөө. Натыйжада 150500 жумушчу оруну түзүлөт. Үчүнчү категорияга тышкы жана ички каржылоо булактарын издөө, эл аралык финансы уюмдары, донорлор жана инвесторлор менен маселени иштеп чыгуу зарыл болгон объекттер киргизилген. Бул категорияга наркы болжол менен 17365 млн сом болгон 12 объект киргизилген, кубаттуулугу: 17350 га жаңы сугат жерлери, 12083 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатуу, 4511 га өзү агуучу сугарууга которуу. Мында 66400 жумушчу оруну түзүлөт.

6. Мүмкүн болуучу тобокелдиктер

Мамлекеттик программаны ишке ашыруудагы мүмкүн болуучу негизги тобокелдиктер:

- экономикалык;

- социалдык-саясый;

- уюштуруу-укуктук;

- техникалык жана экологиялык.

Тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүү зарыл:

- инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, өлкөдө болгон бюджеттик ресурстарды пайдалануу, экономикалык көрсөткүчтөрдү кылдат иштеп чыгуу, Мамлекеттик программаны ишке ашырууга финансылык бөлүнгөн каражатты натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу, финансы каражаттарынын пайдаланылышын катуу контролдоо;

- калк менен уюштуруу-түшүндүрүү иштери, коомчулукка ЖМК аркылуу маалымдоо, Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун ачык жана айкын жол-жобосу;

- долбоордук-издөө жана курулуш ресурстарын мобилизациялоо, Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мыкты даярдалган кадрларды жана жабдылган, өндүрүштүк тажрыйбасы бар уюмдарды тандоо;

- курулуш ченемдерин, эрежелерин жана экологиялык талаптарды так сактоо, жаратылыш факторлорун кылдат эсепке алуу, ар бир долбоорду Мамлекеттик экспертизадан өткөрүү.

Тиркеме

2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүү программасынын алкагында курууга сунушталган суу чарба объекттеринин тизмеги

№

Объекттердин аталышы

Категориясы

Болж. наркы млн сом

Кубат-туулугу

га (ЖЖО)

2017-жыл

млн сом га

2018 -жыл

млн сом га

2019 -жыл

млн сом га

2020-жыл

млн сом га

2021-жыл

млн сом га

2022-жыл

млн сом га

2023 -жыл

млн сом га

2024 -жыл

млн сом га

2025 -жыл

млн сом га

2026 -жыл

млн сом га

Эскертүү

БАТКЕН ОБЛУСУ

1

Лейлек районундагы Саркент дарыясынан Сумбула айыл аймагынын Төө-Жайлоо массивине суу жеткирүү үчүн канал куруу

3

1600

2500

жсж

(10000)

400

\-

400

200

жсж

400

1000

жсж

400

1300

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

2

Лейлек районундагы Максат посёлогунда Арка массивине суу жеткирүү менен дюкер куруу

2

1900

1800

жсж (8000)

300

\-

400

\-

400

\-

400

800

жсж

400

1000

жсж

Сырткы каржылоо булактары ИӨБ, мамбюджет

3

Кожо-Бакырган дарыясында Лейлек суу сактагычынын курулушу

3

2000

2500

жсж 3111 өас (10000)

200

\-

200

\-

400

\-

400

500 жсж

400

1000

жсж

400

1000 жсж

3111

өас

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

4

Кадамжай районундагы “Каракыштак-Боз” каналын куруу

1

90

325

жсж

500

скж (1200)

90

325 жсж

500

скж

Мамбюджет

5

Баткен районундагы “Р-4вх” каналын куруу жана “Р-4” каналын бийиктетүү

1

500

1500

жсж (6000)

75

\-

100

50

100

450 жсж

125

500 жсж

100

500 жсж

КЭРдин гранты

6

Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү (2-этабы)

2

1100

5000

жсж (17000)

200

\-

200

\-

200

1000 жсж

250

2000 жсж

250

2000

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

7

Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Молдо-Нияз” СПАсында канал куруу

3

200

300

жсж 410 скж (1500

50

\-

50

\-

50

\-

50

300

жсж

410

скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

8

Баткен районундагы Сох дарыясынан сугаруу (“Теке-Секирик” каналы)

2

21000

16000

жсж (70000)

500

\-

1000

\-

2000

\-

2500

\-

3000

1000

жсж

3000

2000

жсж

3000

4000

жсж

3000

4000

жсж

3000

5000

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

Жалпы

28390

29925

жсж

910

скж

3111

өас (123700)

165

325 жсж 500 скж

900

50 жсж

1700

450 жсж

2725

500 жсж

3400

2300 жсж

3900

4000 жсж

4100

4000 жсж

3850

4700 жсж

3850

6300 жсж 410 скж

3800

7300 жсж 3111 өас

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

9

Аксы районундагы Падыша-Ата дарыясынан өзү агуучу Ак-Терек каналын куруу

1

800

3400

скж

50

\-

100

\-

100

\-

150

\-

200

\-

200

3400

скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

10

Ала-Бука районунда Сумсарсай суу сактагычын куруу

2

1050

1500

жсж (6000)

100

\-

150

\-

200

\-

300

500

жсж

300

1000

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

11

Ала-Бука районундагы Чанач-Сай дарыясында СЖБ экинчи этабын куруу

1

400

2800

жса

100

300

жса

100

300

жса

100

500

жса

100

1700

жса

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

12

Сузак районундагы Көгарт суу сактагычын куруу

3

5750

6200

жсж (24000)

200

\-

800

\-

750

\-

1000

\-

1000

500

жсж

1000

2700

жсж

1000

3000

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

13

Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун жерлерин сугаруу үчүн Кара-Уңкур дарыясында суу сактагычты куруу

3

3000

3000

жсж (12000)

200

\-

300

\-

500

500

жсж

1000

1000

жсж

1000

1500

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

14

Ала-Бука районундагы “Касан-Сай” дарыясынан “Орток-Бел” каналын куруу

2

2100

4000

жсж (16000)

200

\-

400

\-

500

1000

жсж

500

1000

жсж

500

2000

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

15

Тогуз-Торо районундагы “Жогорку Ак-Күп” каналын куруу

2

300

480

жсж (1500)

60

\-

60

\-

60

\-

60

100

жсж

60

380

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

16

Ноокен районундагы “Ничке-Сай” каналын куруу

2

250

1025

жсж (3000)

100

200 жсж

150

825 жсж

Мамбюджет

Жалпы

13650

16205 жсж 3400 скж 2800 жса (62500)

50

300

300 жса

710

200 жсж 300 жса

1260

500 жса 825 жсж

2160

1500 жсж 1700 жса

2110

2100 жсж 3400 скж

2060

2880 жсж

2000

1500 жсж

2000

4200 жсж

1000

3000 жсж

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ

17

Жети-Өгүз районундагы Жууку дарыясында СЖБ куруу

2

700

1500 жсж (5000)

100

\-

100

\-

150

\-

150

500

жсж

200

1000

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

18

Ысык-Көл районундагы “Кара-Ой” айыл аймагынын жерлерин сугаруу

1

80

330 жсж (1000)

30

\-

50

330 жсж

КЭР гранты

19

Тоӊ районундагы “Ак-Өлөң” каналын реконструкциялоо

1

550

1200

жсж

500

скж (3500)

100

100

скж

150

100

скж

150

300

скж

150

1200

жсж

КЭР гранты

20

Тоӊ районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын Үч-Коргон айылына СЖБ куруу

2

200

200

жсж

4300

скж (600)

50

300

скж

50

400

скж

100

200

жсж

3600

скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

21

Каркыра дарыясынын агымынын бөлүгүн пайдалануу менен Түп жана Ак-Суу райондорунда жерлерди сугаруу

3

830

7800

скж

100

\-

130

\-

150

200

скж

150

200

скж

150

200

скж

150

7200

скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

Жалпы

2360

3230 жсж 12600 скж (10100)

130

100 скж

300

330 жсж 100 скж

300

600 скж

350

1200 жсж 400 скж

350

700 жсж 3600 скж

330

1000 жсж

150

200 скж

150

200

скж

150

200 скж

150

7200 скж

НАРЫН ОБЛУСУ

22

Ак-Талаа районундагы Ала-Буга дарыясынан жерлерди сугаруу (2-этабы)

2

346

2451

жсж (7000)

46

\-

100

200

жсж

100

800

жсж

100

1451

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

23

Ат-Башы районундагы “Ичке-Таш-Рабат” каналын куруу

3

700

1000 скж

100

\-

100

\-

100

\-

100

\-

150

500

скж

150

500

скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

24

Ак-Талаа районундагы “Жаман-Даван” каналын куруу

3

1500

2000

жсж (6000)

100

\-

200

\-

300

100

жсж

300

100

жсж

300

500

жсж

300

1300

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

25

Нарын районундагы Куланак өрөөнүнүн борбордук бөлүгүн сугаруу

2

1880

(ГЭС пай-дала-ныл-байт)

2000

жсж

5000

өас (6000)

150

\-

230

\-

300

\-

300

\-

300

300

жсж

300

500

жсж

5000

өас

300

1200

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

26

Жумгал районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын Кара-Дөбө дарыясында СЖБ куруу

1

60

100

жсж 368 скж (300)

20

100

скж

20

100

скж

20

100 жсж 168 скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

27

Жумгал районундагы Түгөл-Сай дарыясында СЖБ куруу

2

350

3400 скж 1500 жсж (4000)

50

\-

100

100

жсж

1000

скж

100

200

жсж

2400

скж

100

1200

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

28

“Жумгал районундагы Баш-Кууганды дарыясынан жерлерди сугаруу” объектисинин курулуш иштерин аяктоо

1

60

200

жсж

700

скж (700)

60

200

жсж

700

скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

29

Кочкор районундагы “Шамшы” ДЖБ куруу

3

250

500

жсж (1500)

50

\-

60

\-

70

100

жсж

70

400

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

30

Нарын районундагы “Он-Арча” насостук станциясынын ордуна өзү агуучу каналдын курулушу

3

135

1400

өас

35

\-

50

400

өас

50

1000

өас

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

Жалпы

5281

8751 жсж 5468 скж

6400

өас (25500)

60

200 жсж 700 скж

20

100 скж

116

100 скж

370

400 жсж 1168 скж

630

1000 жсж

2400

скж

800

2651 жсж

785

100 жсж

810

400 жсж

400

өас

870

1100 жсж 500 скж 6000 өас

820

2900 жсж 500 скж

ОШ ОБЛУСУ

31

Чоӊ-Алай районундагы “Шибе-Жекенди” каналын куруу

2

400

500

жсж

462

скж (1500)

100

\-

100

\-

100

46

скж

100

500

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

32

Араван – Ак-Буура каналын реконструкциялоо

1

290

2700

скж

50

\-

50

\-

50

\-

70

1000

скж

70

1700 скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

33

Ноокат районундагы Ынтымак айыл аймагында “Каримберди” каналын куруу

3

1200

350

жсж

825

скж (1400)

100

\-

200

\-

200

\-

200

325

скж

250

500

скж

250

350

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

34

Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Карагуз, Кеңеш айыл аймактарындагы жерлерди сугаруу

1

230

400 жсж

1387

скж (1200)

30

\-

60

200

скж

70

1187

скж

70

400

жсж

Мамбюджет

35

Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын ирригациялык тармагынын “Ак-Тектир” жана “Терек-Талаа” каналдарын реабилитациялоо

1

65

560

скж

65

560

скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

36

Чоӊ-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясынан “Шор-Талаа” массивинин жерлерин сугаруу

2

800

2000

жсж (4000)

100

\-

150

100

жсж

150

200

жсж

200

700

жсж

200

1000

жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

Жалпы

2985

3250 жсж 5934 скж (8100)

145

560 скж

110

200

скж

120

1187 скж

340

400 жсж 1000 скж

420

100

жсж 1700 скж

450

200

жсж

462

скж

500

1200 жсж

400

1000

жж

325

скж

250

500

скж

250

350

жсж

ТАЛАС ОБЛУСУ

37

Кара-Буура районундагы Сарымсак каналын реконструкциялоо

1

600

2000

жсж

300

скж (6000)

50

100

скж

100

100

скж

150

100

жсж

100

скж

150

500

жсж

150

1400 жсж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет, ИӨБ

38

Кара-Буура районундагы Бакты-Ногой каналын куруу

1

170

380

жсж

2500

скж (1000)

70

500

скж

100

380

жсж

2000

скж

КЭР гранты

39

Бакай-Ата районундагы “Кызыл-Жар” жана “Жалпак-Тил” каналдарынын курулуш иштерин аяктоо

1

100

16000 скж

50

6000

скж

50

10000скж

КЭР гранты

40

Манас районундагы “Кадыралы” каналын реабилитациялоо

2

150

1500 скж 300 жсж (900)

50

500

скж

100

300

жсж 1000 скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

Жалпы

1020

2680 жсж 20300 скж (7900)

170

6600

скж

250

380 жсж 12100 скж

200

100 жсж 600 скж

250

800 жсж 1000 скж

150

1400 жсж

ЧҮЙ ОБЛУСУ

41

Айланып суу өткөрүүчү 2-Чүй каналын куруу

2

3500

200-400 млн м3 суу үнөм-дөлөт

200

\-

500

\-

700

\-

700

\-

700

\-

700

200-400 млн м3 суу үнөм-дөлөт

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

42

Чүй районунун Шамшы дарыясында СЖБ куруу

1

200

1025

скж

50

50

скж

50

100

скж

50

225

скж

50

650

скж

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет Экономика-лык өнүгүүгө көмөктөшүү фонду (Корея Республи-касы)

43

Москва районундагы “Спартак” суу сактагычынын алдындагы жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү

1

600

2700 жсж (8000)

50

50

жсж

100

50

жсж

150

200

жсж

150

700

жсж

150

1700

жсж

КЭР гранты

44

Москва районундагы Ак-Суу дарыясында СЖБ куруу

3

200

2048

скж

50

\-

50

200

скж

50

500

скж

50

1348

скж

Сырткы каржылоо булактары, Экономика-лык өнүгүүгө көмөктөшүү фонду (Корея Республи-касы), мамбюджет

Жалпы

4500

2700 жсж 3073 скж 200-400 млн м3 суу үнөм- дөлөт (8000)

50

50

скж

150

50 жсж 50 скж

400

200 жсж 100 скж

700

700 жсж 225 скж

950

1700

жсж

650

скж

750

200

скж

750

500

скж

750

1348

скж 200-400 млн м3 суу үнөм-дөлөт

45

Сугат жерлерин мелиоративдик калыбына келтирүү

2

500

50000

мкк

20

2000

мкк

30

3000

мкк

50

5000

мкк

50

5000

мкк

50

5000

мкк

60

6000

мкк

60

6000

мкк

60

6000

мкк

60

6000

мкк

60

6000

мкк

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

46

Ирригацияны өнүктүрүүнүн схемаларын иштеп чыгуу

1

100

20

20

20

20

20

Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет

Жалпы

58786

66571 жсж

51085

скж 2800 жса 9511 өас 50000 мкк 200-400 млн м3 суу үнөм- дөлөт (245190)

810

405 жсж 7860 скж 2000 мкк

2080

810 жсж 12550 скж 300 жса 3000 мкк

3616

950 жсж 2587 скж 300 жса 5000 мкк

6065

4825 жсж 3793 скж 500 жса 5000 мкк

8130

8800 жсж

8350

скж 1700 жса 5000 мкк

8400

9951 жсж

4062

скж 6000 мкк

8405

8180 жсж

700

скж 6000 мкк

8020

7600 жсж 1873 скж 400 өас 200-400 млн м3 суу үнөм-дөлөт 6000 мкк

7180

11500 жсж

1610

скж 6000 өас 6000 мкк

6080

13550 жсж

7700

скж 3111 өас 6000 мкк

Эскертүү: ЖСЖ - жаӊы сугат жерлерин пайдаланууга берүү; СКЖ- суу менен камсыздоону жогорулатуу; ЖСА-жаӊы сугат жерлерге айландыруу; МКК - сугат жерлерин мелиоративдик калыбына келтирүү; ӨАС - өзү агуучу сугарууга которуу; ЖЖО - жаӊы жумуш орундары, СПА - суу пайдалануучулардын ассоциациясы, СЖБ - суткалык жөнгө салуучу бассейн, ДЖБ - декадалык жөнгө салуучу бассейн.
