Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-июлу № 438 Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Транспорт каражаттарынын түрлөрү
Арналышы
1.
Автокрандар, автобургу, авто-бетон аралаштыргыч
Курулуш жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалын жакшыртуу үчүн
2.
Жуугуч-сугаргыч, таштанды жыйнагыч, кар тазалагыч, ассенизаторлор
Коммуналдык керектөөлөр үчүн
3.
Өрт өчүргүч
Өрт өчүрүү үчүн
4.
Авариялык-куткаруучу
Авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн
5.
Тракторлор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар
Айыл чарба өндүрүшүн камсыздоо үчүн
6
Кыргыз Республикасынын аймагына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар М1, M1G, M2, M2G, N1, N1G категориясындагы автотранспорт каражаттары
Жеке пайдалануу үчүн
Эскертүү: ушул Тизменин 6-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын категориялары ТР ББ 018/2011 Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин категорияларына шайкеш келет. Ушул Тизменин 6-пункту 2025-жылдын 1-октябрына чейин колдонулат деп белгиленсин.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон…Постановление · 31.03.2025 · № 168
- КР Министрлер Кабинетинин 31.03.25-ж., № 168 токтомуПостановление · 31.03.2025 · № 168
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.