# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 434
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19875/edition/873816/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100153

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 249 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-июлу № 434 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ата мекендик көмүр казуучу ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү, отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине ийгиликтүү даярдоо максатында, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункту “Кыргызнефтегаз” ААК” деген сөздөрдөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы” деген сөздөр менен толукталсын, “жагылуучу мазутту” деген сөздөрдөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын аймагынан казылган көмүрдү” деген сөздөр менен толукталсын;

- 16-тиркемеде:

7.1-пунктунун 7.1.3-пунктчасынын “IV квартал” графасындагы “0,0” деген цифралар “35” деген цифралар менен алмаштырылсын;

7.1-пунктунун 7.1.4-пунктчасынын “IV квартал” графасындагы “0” деген цифра “35” деген цифралар менен алмаштырылсын;

7.2-пунктундагы “10,69”, “34,93”, “33,7”, “15,64” деген цифралар тиешелүү түрдө “14,61”, “29,57”, “32,8”, “16,4” деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
