# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 435
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19874/edition/860355/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө" токтому (18.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100151

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-июлу № 435 Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө Тышкы соода жана тышкы соода жеткирүүлөр чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик ишканалар жана уюмдар белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты беришсин, аталган Кеңештин ишинин жүрүшүндө жаралган маселелерди чечүү үчүн эксперттерди жана адистерди жөнөтүп турушсун.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 29 «Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кеңешин түзүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы № 135 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 29 «Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
