Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18-июлу № 435 Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө Тышкы соода жана тышкы соода жеткирүүлөр чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик ишканалар жана уюмдар белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты беришсин, аталган Кеңештин ишинин жүрүшүндө жаралган маселелерди чечүү үчүн эксперттерди жана адистерди жөнөтүп турушсун.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 29 «Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кеңешин түзүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы № 135 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 29 «Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- "Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 токтому менен бекитилген)Положение · 18.07.2017 · № 435
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасында соода…Постановление · 24.06.2022 · № 345
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-майындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү…Постановление · 14.05.2021 · № 3
- Кыргыз Республикасынын 29 январь 2008ж. №29 Окмотунун "Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кеңешин түзүү жөнүндө ТоктомПостановление · 29.01.2008 · № 29 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 29 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук…Положение · 29.01.2008 · № 29 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы №135 "Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кеңешин түзүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.02.2009 · № 135 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 29 январь 2008ж. №29 Окмотунун "Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кеңешин түзүү жөнүндө ТоктомПостановление · 29.01.2008 · № 29 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы №135 "Кыргыз Республикасынын Соода жана транспорт чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү боюнча улуттук кеңешин түзүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.02.2009 · № 135 · Күчүн жоготкон