Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 25 декабря 2018 года № 629 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-25.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 629 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-июну № 373 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл., № 10,1095-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-беренесинин 1-бөлүгүндөгү «мыйзамдардан, ошондой эле» деген сөздөр алып салынсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 11-берене менен толукталсын:
«11-берене. Ушул Мыйзамдын предмети Ушул Мыйзам жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайьндоо жана бошотуу тартибин, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияны уюштурууну жана анын ишин аныктайт.»;
4) 2-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде Өкмөткө отчет берет.»;
5) 9-беренесинде:
а) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктик аймагында райондун тиешелүү аймагында министрликтердин, мамлекеттик комитетгердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган ишин камсыздоо аркылуу аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат;»;
6) 2-пунктундагы «жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналышына» деген сөздөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө» деген сөздер менен алмаштырылсын;
в) 101-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«101) жер мыйзамдарына жана жер участокторун которуу (трансформациялоо) чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө маселелерди карайт;»,
6) 10-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Акимди кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан жүзөгө ашырылат.»;
7) 11-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 1-бөлүтүнүн 6-пунктундагы «жана жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын» деген сөздөр алынып салынсын;
8) 14-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «14-берене. Акимдин кызмат ордуна талаптар
Жогорку билими бар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын аракетке жарамдуу жараны аким боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны. соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан аким боло албайт.»;
9) 15-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 2-пупкту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) ченемдик укуктук актыларды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн;»;
б) 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы «- депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын макулдугу менен» деген сөздөр алынып салынсын;
в) 1-бөлүгүнүн 10 жана 101-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 2 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 16-беренесинин 2-бөлүгүндөгү «жана жарандар» деген сөздөр алынып салынсын.
2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 629 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун чакырып алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2018 · № 629
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон