# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 430 "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобону, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 430 "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобону, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 430
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19868/edition/887238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 430 "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобону, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (05.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100141

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-июлу № 430 "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобону, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.

2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2018-жылдын 5-апрели № 186 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2018-жылдын 5-апрели № 186 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргызтест" системасынын ишин өз убагында каржылоону камсыздасын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
