# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлу № 431 "Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлу № 431 "Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 431
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19867/edition/1048105/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлу № 431 "Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору жөнүндө" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100140

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-июлу № 431 Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору жөнүндө Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекстин статусун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекс Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору болуп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасында:

"Ведомстволук мекемелер" позициясындагы "Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплекс" деген сөздөр "Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 682 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майындагы № 4068-V "Курманжан Датка атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун кайрылуусу боюнча" токтомун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы ", аталышынын жана долбоорунун" деген сөздөр алып салынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:

- бир айлык мөөнөттө Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборунун иштеши жана аны күтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин;

- Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборун Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
