Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 „Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 18 ноября 2022 года № 641 "Об утверждении Порядка организации государственных закупок товаров, работ и услуг, связанных с защитой государственных секретов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-07-04.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 ноябрындагы № 641токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 4-июлу № 422 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында болуп өткөн табигый кырсыктан жабыркаган социалдык объекттерди (билим берүү, саламаттык сактоо объекттери, инженердик инфраструктура) жана турак үйлөрдү ылдам калыбына келтирүү, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышы "мамлекеттик сырды" деген сөздөн кийин "маалыматтык коопсуздукту" деген сөздөр менен толукталсын; 1-пункттагы "улуттук маалыматтык ресурстарды коргоого" деген сөздөр "маалыматтык коопсуздукка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору, "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасы, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу радиореле магистралынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коому, "Дастан" Трансулуттук корпорация" ачык акционёрдик коому, "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коому, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому ушул токтом менен бекитилген тартипке ылайык мамлекеттик сатып алуулардын ички эрежелерин иштеп чыксын. Аталган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик ишкананын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун жана акционердик коомдордун жетекчилери ыйгарым укуктуу органга товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө отчетторду жыл сайын берип турсун."; 4-пунктта:
- "мамлекеттик сырды" деген сөздөн кийин ", маалыматтык коопсуздукту" деген сөздөр менен толукталсын;
- "комитеттин, акционердик коомдордун, мамлекеттик ишкананын, кызматтын" деген сөздөр "мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик ишкананын, акционердик коомдордун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде: аталышы "мамлекеттик сырды" деген сөздөн кийин "маалыматтык коопсуздукту" деген сөздөр менен толукталсын; 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги табигый кырсыктан жабыркаган социалдык объекттерди (билим берүү, саламаттык сактоо объекттери, инженердик инфраструктура) жана турак үйлөрдү (оңдоо, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана курулуш) калыбына келтирүү жумуштарына байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусу;
- "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу радиореле магистралынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коому маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун алкагында спутниктик байланыш каналдары аркылуу санариптик телерадиоберүү менен өлкөбүздүн жетүүгө кыйын калктуу пункттарынын тургандарын камсыздоо үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусу.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору, Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасы, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу радиореле магистралынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коому, "Дастан" Трансулуттук корпорация" ачык акционердик коому, "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коому жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому жүргүзгөн калган бардык товарларды, кызматтарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Порядок осуществления закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью, защитой государственной тайны и ликвидацией последствий…Порядок · 01.07.1998 · № 398
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон