# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-июнундагы № 413 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-июнундагы № 413 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 413
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19856/edition/860309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-июнундагы № 413 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (30.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100127

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-июну № 413 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында. "'Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 "'Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыялануута тийиш жана 2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
