# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 411
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19855/edition/860307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (28.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100126

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-июну № 411 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Ачык-айкындыкты камсыз кылуу, ченемдик укуктук актыларда мүмкүн болгон эркин чечмелөөнү жоюу жана ишкердикке мамлекеттик жөнгө салуунун таасирин төмөндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 59 "Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жобону жана Чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жободо:

- 4-пунктта:

алтынчы абзацындагы "лабораторияларды аккредитациядан өткөрүүнү" деген сөздөр "аккредитацияланган лабораторияларда лабораториялык изилдөөлөрдү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "булгоочу заттардын атмосферага чыгышын төмөндөтүүнү камсыздаган жардырууну башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүүнү".

- 16-пункттагы "стандарттардын" деген сөз "Евразия экономикалык бирлигинин бекитилген техникалык регламенттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 24-пунктта:

бешинчи абзацындагы "инструменталдык же" деген сөздөр алып салынсын; алтынчы абзацындагы "Инструменталдык" деген сөздөр "Инструменталдык-лабораториялык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пунктунун 4-пунктчасы "контролдоо жана көзөмөл органдарынын," деген сөздөрдөн кийин "алардын компетенциясынын чегинде," деген сөздөр менен толукталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
