# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 409
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19850/edition/860292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (11.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100120

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-августундагы № 476 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-июну № 409 Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
