# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 405 "Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 405 "Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 405
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19846/edition/860263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 405 "Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (23.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100113

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 23-июну № 405 Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын уставын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 25-майындагы "Кыргыз мамлекеттик консерваториясын Кыргыз улуттук консерваториясына өзгөртүп түзүү жөнүндө" Указын турмушка ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-январындагы № 22 токтомунун 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
