# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 628
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10011>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1753/edition/1257759/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10011.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10011

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 29-сентябры № 628 Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 289 токтомунун, 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)

Турукташтыруу режимин колдонуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан турукташтыруу режими жөнүндө макулдашууларды түзүүгө ыйгарым укук берилсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 289 токтомунун, 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-октябрында № 110 жарыяланды

Премьер-министр

С.Ж. Исаков
