# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-июнундагы № 360 “2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-июнундагы № 360 “2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 360
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19843/edition/860255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-июнундагы № 360 “2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу" токтому (12.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100109

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 12-июну № 360 “2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- “2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби тууралуу аткаруу протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республкасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
