Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 „Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 22-июну № 397 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Энергетикалык жабдуулардын ашыкча күч келүүдөн сакталышын камсыздоо максатында, ошондой эле электр энергиянын жетишсиздигине, генерациялоонун жана социалдык инфраструктура объекттерин жана башка коомдук маанилүү объекттерди күзгү-кышкы мезгилде камсыздоо резервинин жоктугуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
4.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"2020-жылдын акырына чейинки мөөнөттө жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн электр энергиясын убактылуу пайдаланууну эске алуу менен Бишкек шаары, Жал кичи району, 30-43 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз-Түрк "Манас" университетине мурда берилген кубаттуулуктардын чегинде, отундун альтернативдүү түрүнө өткөнгө чейин электр менен камсыз кылууга техникалык шарттарды берүү жөнүндө маселени карасын;".
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу…Постановление · 30.12.2011 · № 763 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу…Постановление · 30.12.2011 · № 763 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон