# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 "2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 "2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 394
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19838/edition/1241422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 "2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө" токтому (15.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100103

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 141 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-июну № 394 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.

3. Программаны ишке ашыруу тийиштүү жылга республикалык бюджетте министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди жана административдик ведомстволорду каржылоого каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
