# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 392
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19836/edition/860239/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (21.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100101

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-июну № 392 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Инвестициялык фонддордун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жоюу максатында, "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана 33-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 249 "Үлүштүк инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үлүштүк инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жободо:

- 11-пунктунун он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген баалуу кагаздарга инвестициялоону кошпогондо, Фонддун бардык таза активдеринин 15 пайыздан ашыгын бир эмитенттин баалуу кагаздарына инвестициялоого;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 252 "Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жободо: 7-пунктунун бешинчи абзацындагы "милдеттенмеси жок" деген сөздөр "милдеттенмеси бар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 32-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
