# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябры № 627 "Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябры № 627 "Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 627
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10010>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1752/edition/849287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10010.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябры № 627 "Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10010

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

2017-жылдын 29-сентябры № 627 Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)

Эркин экономикалык зоналардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштыруу товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу менен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2017-жылдын 13-октябрында № 110 саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
