# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 389 "Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 389 "Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 389
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100099>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19835/edition/860235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100099.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 389 "Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (30.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100099

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30 январындагы № 43 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 19-июну № 389 Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартууга, мониторингдөөгө жана натыйжалуу пайдаланууга байланыштуу ишти майнаптуу координациялоону жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу маселелерин жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу органга эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорунун реестрин түзүү үчүн маалымат берип турсун.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

- квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен эл аралык гранттык жана техникалык жардамдар долбоорлорунун реестрин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Тышкы жардамдарды башкаруу платформасына маалыматтарды киргизүү үчүн жиберсин;

- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
