Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Витязь» мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 20 мая 2022 года № 266 "О передаче государственного предприятия «Витязь» и ведение Управления делами Президент Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-20.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 266 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2017-жылдын 8-июну № 348 "Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Витязь" мамлекеттик ишканасын мүлктүк комплекси менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы болуп аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик ишкананы өзүнүн карамагына кабыл алсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-1-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун" деген сөздөр "Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасынын Уставында:
- аталышындагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун" деген сөздөр "Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-1 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-1. Ишкана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) карамагында иштейт.
5. Ишкананын толук аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы; расмий тилде: Государственное предприятие "Витязь" при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики.";
- 16-1-пунктундагы "Фонд" деген сөз "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Ишкананын ишин директор башкарат, аны кызматка ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрсөтүлгөн адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Ишкананын директору кызматка эки жыл мөөнөткө дайындалат, ушул Уставдын жана аны менен ыйгарым укуктуу органдын ортосунда түзүлүүчү эмгектик келишимдин негизинде иштейт. Директордун бир орун басары болот. Директордун орун басары ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директордун орун басары Ишкананын ишин координациялоону камсыздайт, Ишкананын директору жок учурда анын ыйгарым укуктарын аткарат."; -18-пункттун сегизинчи абзацындагы "Фонд" деген сөз "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктунун экинчи абзацындагы "Фонд" деген сөз "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы" деген позиция күчүн жоготту деп таанылсын.
6. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2010 · № 214
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 266 "Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына…Постановление · 20.05.2022 · № 266
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 266 "Витязь" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына…Постановление · 20.05.2022 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 "Витязь" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2010 · № 214
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 марта 2021 года № 79 "О вопросах Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики"Постановление · 05.03.2021 · № 79 · Күчүн жоготкон