# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 388 "Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 388 "Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 388
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19817/edition/860189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 388 "Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (17.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100076

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 19-июну № 388

Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-ноябрындагы № 667 "Мектеп курагындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускамасын бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
