# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 387 "Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери жана ипотекалык күрөөлүктү каттоо тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 387 "Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери жана ипотекалык күрөөлүктү каттоо тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 387
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100074>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19816/edition/860185/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100074.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 387 "Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери жана ипотекалык күрөөлүктү каттоо тартиби жөнүндө" токтому (10.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100074

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 19-июну № 387 Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери жана ипотекалык күрөөлүктү каттоо тартиби жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомунун редакциясына ылайык)

Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу жана мамлекеттик каттоо тартибин белгилөө максатында, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине, "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ипотекалык күрөөлүктү депозиттик эсепке алуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
