# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 386
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100073>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19815/edition/860183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100073.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (19.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100073

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 19-июну № 386 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 16-июлундагы № 418 "Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырууну киргизүү концепциясы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 858 "2005-2015-жылдарга карата Улуттук токой программасын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 20 "2008-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин эмгегинин эң оор түрлөрүн жоюу боюнча социалдык өнөктөрдүн аракеттеринин мамлекеттик программасы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 188 "2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекти элиминациялоо боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 572 "2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигин өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу программаларын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 599 "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын 2011-2015-жылдарга карата комплексин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 666 "Үй-бүлөнү жана энени колдоо жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 690 "Жеке менчик медицинаны жана секторлор аралык келишимдик мамилелерди өнүктүрүүнү эске алуу менен саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 277 "2014-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын тарамын оптималдаштыруу Концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков
