# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 334
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19810/edition/860173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (02.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100068

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-июну № 334 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жободо:

## 1-главада:

- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү квалификациялык күбөлүктү алууга талапкердин анкетасын;";

- алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- он үчүнчү абзацындагы "документтердин пакетин кабыл алууну жана" деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи-он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"Жеке жактарга баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алууда баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

- талапкер тарабынан берилген документтерде шайкеш келбеген же туура эмес маалымат аныкталганда;

- документтердин пакети толук эмес берилгенде;

- кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу болгондо.";

## 2-главада:

- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- электрондук алып жүрүүчүдө иштелип чыккан жана бекитилген аттестациялык тапшырмаларды жооптору менен андан ары электрондук квалификациялык аттестацияны өткөрүү үчүн электрондук программага киргизет;";

- он төртүнчү абзацы "Аттестациялык" деген сөздөн мурун "Жазуу жүзүндөгү аттестациялоодо" деген сөздөр менен толукталсын;

## 3-главада:

- биринчи абзацы "жазуу жүзүндөгү" деген сөздөрдөн кийин "же электрондук" деген сөздөр, ал эми "маселелерди" деген сөздөн мурун "жазуу жүзүндөгү жана электрондук" деген сөздөр менен толукталсын;

- экинчи абзацындагы "ар бир кварталдын алгачкы иш күнүндө" деген сөздөр "жарым жылда бир жолу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- он үчүнчү абзацы "Аттестация" деген сөздөн мурун "Жазуу жүзүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

"Электрондук аттестациялоо башталардын алдында талапкерлерге программанын логини жана паролу берилет.";

## 5-главада:

- биринчи абзацы "Аттестациялоонун" деген сөздөн мурун "Жазуу жүзүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугуна талапкерлерди электрондук аттестациялоодо аттестациянын жыйынтыктары талапкерлерге тестирлөө аяктагандан кийин дароо жарыяланат.".

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

5-тиркеме Квалификациялык күбөлүктү алууга талапкердин АНКЕТАСЫ

1. Аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. Жарандыгы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. Туулган жылы, күнү, айы жана жери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4. Паспорттук маалыматтары: сериясы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ номери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

берилген дата \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ким тарабынан берилген \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

5. Жашаган жери \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

үй телефону \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кызматтык телефону \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

6. Жогорку билимиңиз барбы № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(ооба, жок) окуу жайдын аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ адистиги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ аяктаган жылы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

7. Азыркы учурда иштеген жери: уюмдун аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

ээлеген кызматы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

8. Экономикалык органдардагы жалпы иш стажы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

акыркы 5 жылдын ичинде сиз иштеген экономикалык органдар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүңүз \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (уюмдун аталышы, кызмат орду)

9. Сиз азыркы учурда лицензиясы бар уюмдун адиси болуп иштейсизби? \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(ооба, жок)

10. Сиз баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти ишке ашыруу укугуна лицензиядан

ажыратылган уюмдун адиси болуп иштейсизби? \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ооба, жок)

11. Сиз экономика чөйрөсүндө кылмыш жасаганыңыз үчүн сот жоопкерчилигине

тартылдыңыз беле ? \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ооба, жок)

Толтурган дата 20\_\_\_\_-жылдын "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
