# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/100065/edition/1170307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтому (13.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100065

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-июну № 363 Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 106, 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын радиожыштык спектрин жөнгө салуу жана натыйжалуу пайдалануу жаатындагы саясатты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 106, 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын жооптуу катчысы.
