# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 361 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 361 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 361
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100064>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19807/edition/860165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100064.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 361 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (13.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100064

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-июну № 361 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Байбакпаев жана П.Р.Тулендыбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 361 токтому менен жактырылган

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Байбакпаев жана П.Р.Тулендыбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду чыгарды. Ушул Мыйзамдын долбоору салык мыйзамдарын өркүндөтүү жана тышкы инженердик тармактарды куруучулардын акысыз өткөрүп берүүсүндө келип чыгуучу салык салуудагы бирдей эмес мамилени жоюу максатында иштелип чыккан. Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун кабыл алынышын колдойт. Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген методикага ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо зарыл деп эсептейбиз.
