# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 313
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19803/edition/860153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (31.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100058

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 31-майы № 313 Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө Ченем жаратуу ишинин сапатын арттыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама (мындан ары - Нускама) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу менен иштери байланышкан кызматкерлерди Нускаманы колдонууга карата окутуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Нускаманы жетекчиликке жана аткарууга кабыл алышсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
