# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 350
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100049>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19796/edition/860135/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100049.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (08.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100049

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 8-июну № 350 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-августундагы № 527 "Селекциялык жетишкендиктерди патенттөө үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 259 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 259 "Селекциялык жетишкендиктерди патенттөө үчүн пошлиналардын жобосун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-январындагы № 48 "Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 5 жана 7-пункттары.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
