# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 351
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19795/edition/860133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (08.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100048

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 8-июну № 351 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө Саламаттык сактоо уюмдарында медикаменттердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тартыштыгынын пайда болуу опурталын болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:

- Эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Медикаменттер жана таңуучу материалдар боюнча товардык-материалдык баалуулуктардын запастарынын нормалары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын уюмдары үчүн жайылтылбайт.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
