Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Бишкек шаарында 2017-жылдын 9-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-июну № 345 «Бишкек шаарында 2017-жылдын 9-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына1. ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Бишкек шаарында 2017-жылдын 9-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 9-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 9-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене Бишкек шаарында 2017-жылдын 9-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашуу ратификациялансын. 2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2017-жылдын 7-июну № 345 токтому менен жактырылган
Бишкек шаарында 2017-жылдын 9-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашуу (мындан ары - Алкактык макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Алкактык макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен белгиленген тартипте макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 412-б буйругу менен жактырылган. Алкактык макулдашуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын калкын мурда уран өндүрүлгөн жана иштелген аянттардагы радиациялык нурлануудан коргоону камсыз кылуу боюнча кырдаалды жакшыртуу, ошондой эле операцияларды жүргүзүү жана каражаттарды бөлүштүрүү үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында Экологиялык реабилитациялоо эсебин ачуу болуп саналат, каражаттар Эсептин донорлору тарабынан бөлүнөт жана кызматташуу максаттарына, атап айтканда: Кыргыз Республикасында мурда уран өндүрүлгөн объекттерди реабилитациялоо долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоого же тең каржылоого чыгымдалат. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын негизги көңүлү экологиялык таасирди жана техникалык-экономикалык негиздемени баалоодон кийин урандын калдыктары бар жогорку артыкчылыктуу объекттерге багытталат. Калыбына келтирүү долбоолорунун артыкчылыгы каражаттар болгон шартында Донорлор ассамблеясы тарабынан аныкталат. Алкактык макулдашууну ратификациялоо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Эсептин ресурстарынан каржылоо каражаттарын акысыз негизде бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз учурунда долбоорду ишке ашыруу үчүн эмгек акысын төлөө менен жумуштарды аткаруучу персонал түрүндө ресурстарды берүүгө жана өзүнүн иштерин аткаруу үчүн инфраструктураны камсыздоого милдеттүү. Алкактык макулдашууну ишке ашыруу кандайдыр бир терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 1783-VI "2017-жылдын 9-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана…Постановление · 28.06.2017 · № 1783-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 1784-VI "2017-жылдын 9-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана…Постановление · 28.06.2017 · № 1784-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 1785-VI "2017-жылдын 9-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана…Постановление · 28.06.2017 · № 1785-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 412 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык…Распоряжение · 04.10.2016 · № 412-р
- 2017-жылдын 9-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн…Закон · 02.08.2017 · № 169
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон