# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 612
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10004>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1746/edition/1045411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10004.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10004

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-сентябры № 612 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Аскер кызматкерлеринин тамактануусун жакшыртуу максатында, "Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "жалпы аскердик кургак паек" деген сөздөр "мыйзамда аскер кызматы каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскердик түзүмдөрү (Куралдуу Күчтөрдүн курамына кирбеген) үчүн кургак паек" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: "

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн кургак паек

10-норма - 3588 ккал кем эмес (10-тиркеме)

";

- аталган токтомдун 6-тиркемесиндеги "жалпы аскердик кургак паек" деген сөздөр "мыйзамда аскер кызматы каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскердик түзүмдөрү (Куралдуу Күчтөрдүн курамына кирбеген) үчүн кургак паек" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 10-тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдар ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды республикалык бюджетте тийиштүү жылга каралган каражаттардын чектеринде төлөшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков

Тиркеме "10-тиркеме 10-норма (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн кургак паек)

№

Азыктардын аталышы

Азыктар, грамм

Калориялуулугу, ккал

1

Ж/с ундан жасалган галеттер

300

1245

2

Эт өсүмдүк консервалары

500

1176

3

Эт консервалары

325

708

4

Рафинад канты

120

455

5

Чай

4

4

Жалпы калориялуулугу:

3588
