# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-иунундагы № 330 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-иунундагы № 330 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 330
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19781/edition/860103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-иунундагы № 330 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (01.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100033

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-иуну № 330 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2011-жылдын 22-июлу, № 59) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 37-берененин 3 жана 6-бөлүктөрүндө “үчтөн экисинен кем эмеси” деген сөздөр “көпчүлүгү” деген сөз менен алмаштырылсын;

2) 43-берененин 4-бөлүгүндө “кеминде үчтөн экиси” деген сөздөр “көпчүлүгү” деген сөз менен алмаштырылсын;

3) 49-берененин 3-бөлүгүндө “кеминде үчтөн экиси” деген сөздөр “көпчүлүгү” деген сөз менен алмаштырылсын.

2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
