# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 329 "Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 329 "Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 329
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19780/edition/860099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 329 "Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (13.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100031

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-июну № 329 Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 15-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына ушул токтомдун биринчи пункту менен бекитилген Типтүү эрежелердин негизинде Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу сунушталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
