# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 611
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10003>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-1745/edition/849034/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10003.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10003

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-сентябры № 611 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында ички аудитти өнүктүрүү максатында, "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө жободо:

- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Кеңештин отуруму зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.";

- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19. Кеңештин отурумуна ички аудит объектилеринин жетекчилери, ички аудит кызматынын жетекчилери, ошондой эле көз карандысыз эксперттер, кеңештин ишине эксперттик-консультациялык көмөк көрсөтүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
