# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 "Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 "Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 323
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100023>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19775/edition/860087/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100023.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 "Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (27.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100023

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-июну № 323 Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасында исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана жоюу маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 26-пунктунун "б" пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10 - исламдык ижаралык сертификаттар - (Сукук аль Ижара); 11 - долбоордук каржылоонун исламдык сертификаттары - (Сукук ал Истисна); 12 - өнөктөштүктүн исламдык сертификаттары - (Сукук аль Мушарака); 13 - үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары - (Сукук аль Мудараба); 14 - инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары - (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар); 15 жана андан ары Адан Zке чейин - баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн резервге коюлган;".

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
