Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 1-июну № 323 Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана жоюу маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 26-пунктунун "б" пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10 - исламдык ижаралык сертификаттар - (Сукук аль Ижара); 11 - долбоордук каржылоонун исламдык сертификаттары - (Сукук ал Истисна); 12 - өнөктөштүктүн исламдык сертификаттары - (Сукук аль Мушарака); 13 - үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары - (Сукук аль Мудараба); 14 - инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары - (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар); 15 жана андан ары Адан Zке чейин - баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн резервге коюлган;".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо…Постановление · 26.07.2011 · № 410
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-марты № 197 "Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандырууга, жүктөлгөн камсыздандырууга жана аннуитеттик…Постановление · 27.03.2026 · № 197
- "Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын…Положение · 01.06.2017 · № 323
- КР Окмотунун 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 "Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жана каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу…Постановление · 12.09.2009 · № 578 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо…Постановление · 26.07.2011 · № 410
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-марты № 197 "Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандырууга, жүктөлгөн камсыздандырууга жана аннуитеттик…Постановление · 27.03.2026 · № 197
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Окмотунун 2009-жылдын 12-сентябрындагы токтому менен бекитилген "Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө ЖОБО"Положение · 12.09.2009 · № 578 · Күчүн жоготкон