Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 „Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 31-майы № 320 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги аталышы жана бүткүл тексти боюнча "Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген" жана "ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" жана "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарында;
- мамлекеттик тилдеги аталышы жана бүткүл тексти боюнча "ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 32-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-1. Тамактандыруу талаптары:
1) ысык тамак-аш жана ичүүчү суу менен камсыздоо;
2) жарым-жартылай стационардык уюмдар жана социалдык тейлөө мекемелери үчүн тамак-аш азыктарынын физиологиялык ченемдерин эске алуу менен ушул социалдык стандарттардын 7-тиркемесине ылайык жетиштүү сандагы балансталган тамак-аш менен камсыздоо;
3) мамлекеттик жана муниципалдык жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү чоң кишилер жана балдар үчүн ушул социалдык стандарттардын 8-тиркемесине ылайык тамак-аш азыктарын сатып алууга жумшалган чыгымдардын ченемдерин камсыздоо.";
- 7-тиркемеде:
расмий тилдеги текстиндеги "Норма с ограниченными возможностями здоровья (в граммах)" графасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Норма питания для ребенка с ограниченными возможностями здоровья (в граммах)"; расмий тилдеги текстиндеги "Норма на одного взрослого человека лиц с ограниченными возможностями здоровья (в граммах)" графасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Норма питания для взрослого лица с ограниченными возможностями здоровья (в граммах)"; тиркеменин мамлекеттик тилдеги тексти ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 8-тиркеме ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
1-тиркеме
"Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 7-тиркеме
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга жана чоң кишилерге социалдык кызмат көрсөтүүчү жарым-жартылай стационардык уюмдар жана социалдык тейлөө мекемелери (күндүз болуучу бөлүмдөр, реабилитациялык борборлор) үчүн тамак-аш азыктарынын ФИЗИОЛОГИЯЛЫК ЧЕНЕМДЕРИ
№
Тамак-аш азыктарынын аталышы
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын тамактануу ченеми (грамм менен)
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоң кишинин тамактануу ченеми (грамм менен)
1
Буудай наны
150
150
2
Кара буудай наны
150
150
3
Буудай уну
100
100
4
Акшак (күрүч, сечка, гречка, перловка, төө буурчак, буурчак), макарон азыктары
100
100
5
Картөшкө
400
400
6
Жалпы жашылча, анын ичинде:
7
- кызылча
140
140
8
- сабиз
80
80
9
- капуста
240
240
10
- пияз
60
60
11
- сарымсак
6
6
12
Башка жашылчалар, анын ичинде: помидор, бадыраң
200
200
13
Жаңы жемиштер жана мөмөлөр
140
140
14
Кургатылган мөмөлөр
50
50
15
Ширелер (түрдүү)
200
200
16
Печенье
80
80
17
Конфеттер
80
80
18
Чай
2
2
19
Эт
100
100
20
Окорочка, канаттуулар
100
100
21
Сүт
200
200
22
Жумшак быштак
50
50
23
Томат пастасы
5
5
24
Жумшак май бутерброд үчүн
20
20
25
Каймак
15
15
26
Маргарин
10
10
27
Майонез
30
30
28
Малдын майы
2
2
29
Сыр
10
10
30
Шекер
20
20
31
Туз
3
3
32
Балык, деңиз азыктары
100
100
33
Жумуртка (даана)
1
1
34
Өсүмдүк майы
20
20
35
Кыям, джем, повидло
25
25
36
Кофе
2
37
Жашылча аралашмасы
18
18
38
Колбаса азыктары, сосиска
100
100
39
Соус үчүн ун
10
40
Ачыткы(*)
41
Туздалган бадыраң, помидор
10
42
Фарш
100
100
Эскертүү:
- эт менен жасалуучу тамак-аш балык азыктары менен кезектештирип берилет;
- кыш мезгилинде негизинен кургатылган мөмө-жемиштер колдонулат (компот үчүн);
- сүт азыктары кезеги менен берилет (сүт, каймак, быштак, сыр);
(*) 8 кг унга 0,020 г ачыткы колдонулат.".
2-тиркеме
"Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 8-тиркеме
Мамлекеттик жана муниципалдык жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде тамак-аш азыктарын сатып алууга ЧЫГЫМДАРДЫН ЧЕНЕМДЕРИ
Категориялар
Өлчөө бирдиги
Сумма
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар
Күнүнө бир балага
50дөн 110 сомго чейин
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоң кишилер
Күнүнө бир чоң кишиге
50дөн 100 сомго чейин
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде…Постановление · 08.07.2014 · № 381
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон