# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 317
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/100020/edition/860081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (14.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100020

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 611 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2017-жылдын 31-майы № 317 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жободо:

- 14-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик жаратылыш паркынын режимдик зонасынын чектериндеги убактылуу пайдаланууга берилген жер участогунда курулушка бөлүнгөн аянт 0,05 гектардан ашпоого тийиш.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
