Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу „Таза Коом“ долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 19-майы № 297 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү ("Таза Коом") боюнча кеңеш жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 159 токтомунун редакциясына ылайык) "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү ("Таза Коом") боюнча кеңеш түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 159 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү ("Таза Коом") боюнча кеңештин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 159 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин ("Таза Коом") башкаруу СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 159 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-майындагы № 297 токтому…Положение · 19.05.2017 · № 297
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 159 токтомуПостановление · 28.03.2018 · № 159
Шилтеме берет (3)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2013 · № 310
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.