# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 303
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/100001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19757/edition/939045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/100001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" токтому (12.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/100001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-майы № 303 Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 токтомунун редакциясына ылайык) "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр үчүн акы төлөө белгиленсин:

- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды жана токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү үчүн 200 сом өлчөмүндө;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөрдү берүү үчүн 100 сом өлчөмүндө.

2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
