# 98-1-берене. Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык баалоону колдонуу

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-98-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 98-1-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-98-1

---

Токой экосистемалары экономикалык жактан бааланууга тийиш, ал төмөнкүлөр үчүн колдонулат:

- токой экосистемаларынын Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын аныктоо;

- токой экосистемаларынын абалынын өзгөрүшүнө алып келүүчү иш-аракеттерден/кийлигишүүдөн болуучу пайданы аныктоо;

- токой экосистемалары менен байланышкан чыгымдарды жана пайданы бөлүштүрүү;

- токой экосистемаларын сактоо үчүн потенциалдуу каржылоо булактарын аныктоо.

Токой экосистемаларынын кызмат көрсөтүүлөрүн экономикалык баалоо төмөнкүдөй негизги этаптарды камтыйт:

- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн аныктоо;

- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоо;

- кызмат көрсөтүүлөрдөн пайда алуучуларды аныктоо;

- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө механизмдерин түзүү.

Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоонун методикасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-98)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-99)
