# 92-берене. Токой өстүрүү

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 92-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-92

---

Кыргыз Республикасынын аймагынын токойлуулугун көбөйтүү, эрозия процесстеринин алдын алуу жана экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында мамлекеттик токой фондунун токой өспөгөн жерлеринде жана башка жерлерде токойлорду өстүрүү жүргүзүлөт. Токойлорду өстүрүү боюнча жумуштар белгиленген тартипте бекитиле турган атайын программалар жана долбоорлор боюнча ишке ашырылат жана токой чарбачылыгын башкаруучу органдарга жүктөлөт. Токойлуулукту көбөйтүү, дарыялардын, көлмөлөрдүн жээктерин токойлоштуруу үчүн жана башка зарыл болгон учурларда мамлекеттик токой фондунун жерлеринин курамына башка категориядагы жерлер, баарыдан мурда айыл чарбасында пайдаланууга жараксыз жерлер (жарлар, коолор, кумдак жана башка жерлер), ошондой эле дарак жана башка бадал өсүмдүктөрү өскөн запастагы жерлер которулушу мүмкүн. Башка категориядагы жерлерди токой фондусунун жерлеринин курамына которуу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-93)
