# 91-берене. Токойлорду калыбына келтирүү

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 91-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-91

---

Мамлекеттик токой фондунун токойлуу жерлеринде токойлорду калыбыңа келтирүү төмөндөгү талаптарды:

- токой өсүмдүктөрүнүн өсүү шарттарын эске алуу менен токою кыркылган жерлерге чарбалык жактан баалуу дарактардын түрлөрүн милдеттүү түрдө отургузууну камсыз кылууну;

- токойду калыбына келтирүү иштери үчүн биринчи кезекте дарактар жана бадалдар өспөгөн токой жерлерин бөлүп берүүнү;

- токойлордун түрлөр курамын жакшыртуу жана алардын өнүмдүүлүгүн, коргоочу жана чөйрө түзүүчү касиеттерин жогорулатууну;

- токойлордун генетикалык фондун жана биологиялык көп түрдүүлүгүн сактоону аткаруу менен ишке ашырылат.

Токою кыйылган жерлерди жана токой өсүмдүктөрү өспөгөн токой жерлеринин башка категорияларын токойлоштуруунун тартиби жана мөөнөттөрү токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Токойду кайра калыбына келтирүү үчүн жоопкерчилик мамлекеттик токой фондунун менчик ээлерине же алар ыйгарым укук берген жактарга жана мамлекеттик токой фондунун участокторун пайдалануучуларга жүктөлөт. Токойду кайра калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө, токойду пайдалануучулар токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген тартипте катыша алышат. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-88)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-92)
