9-берене. Мамлекеттик токой фондунун токой өстүрүү фонду
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · 2-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35
9-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 9-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Токой өстүрүү фонду - мамлекеттик токой фондунун токойду калыбына келтирүү, токой өстүрүү жана анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо үчүн жарактуу болгон токойлуу жана токойсуз жерлеринин участоктору. Токой өстүрүү фондунун жерлеринде токойлорду калыбына келтирүү иши токою суюк, кыйылган, өрт чалган, бош, сейрек дарактуу жерлерде жана дарактары куурап калган участоктордо жүргүзүлөт. Токой өстүрүү фондунун жерлеринде токой өстүрүү айыл чарба жерлеринде, бузулган жана деградацияланган жерлерде жүргүзүлөт. Анча баалуу эмес токой дарактарын реконструкциялоо токой жерлеринде жүргүзүлөт. Токой өстүрүү фондунун участоктору токой жайгаштырууда аныкталат. Токой өстүрүү фондун аныктоо жана өздөштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Токой фондусунун участоктору
Токой фондусунун участокторуна токой участоктору, ошондой эле токой өсүмдуктөрү каптабаган участоктор кирет.
Токой фондусунун участокторунун чектери токой чарбачылыгынын белгилеринин жардамы менен белгиленүугө жана пландык - картографиялык материаддарды (токой карталарында) көрсөтүлүүгө тийиш.
Токой фондусунун участокторуна жана аларды пайдалануу укуктарына карата жарандык мыйзамдардын жарандык укуктардын объекттери тууралу жоболору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын токой жана жер мыйзамдарынын жоболору колдонулат.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/10/st-9" title="9-берене - Токой кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>