# 84-берене. Токой күтүү

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400); 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205265)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 84-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-84

---

Токой күтүү токой чарбачылыгын жана токойду пайдалануу сарамжалдуу жүргүзүүнү, токойлорду натыйжалуу коргоону жана сактоону, жаңыртып өстүрүүнү камсыз кылууга, токой чарбасында бирдей илимий-техникалык саясатты ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын тутуму болуп саналат. Токой күтүү төмөндөгүлөрдү:

- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун аймактарынын чек араларын жана алардын чарбалык ички уюштурулушун аныктоону;

- топографиялык-геодезиялык иштерди жана жердин космостук сүрөттөрүн пайдалануу менен атайын картага түшүрүүнү аткарууну;

- токойлордун түрлөрүн жана жаш курагын, абалын, алардын сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүн аныктоо менен инвентаризациялоону;

- багуу иретиндеги кыюу, санитардык жана токойду калыбына келтирүү үчүн кыюу, чарбалык жактан анча баалуу болбогон тигилген токой дарактарын реконструкциялоого байланыштуу кыюу иштерин жүргүзүүгө муктаж болгон токойлордун участокторун айкындоону;

- токойлорду коргоо жана сактоо, токойду калыбына келтирүү, токой тигүү жана токой өстүрүү, мелиорациялоо жана башка токой чарба жумуштары боюнча иш-чараларды пландоону, ошондой эле алардын көлөмүн, ыкмаларын жана аларды жүргүзүүнүн тартибин аныктоону;

- токойлорду корголуу категорияларына бөлүүнү негиздөөнү жана токойлорду корголуунун бир категориясынан экинчисине которуу боюнча сунуштарды даярдоону;

- өнөр жайлык плантацияларды кыюу боюнча эсептелген ачык тилкелердин көлөмүн, токойду багуу иретиндеги кыюунун, санитардык кыюунун, анча баалуу болбогон токой дарактарын реконструкциялоо менен байланышкан кыюунун өлчөмдөрүн эсептеп чыгууну;

- токойду пайдалануунун жана экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдоонун өлчөмдөрүн, токой фондусун аңчылык чарбасынын муктаждыгын, маданий - ден соолукту чыңдоо, туристтик жана спорттук максаттарда пайдалануунун көлөмүн аныктоону;

- токой биологиясы жана башка изилдөөлөр жана иликтөөлөрдү;

- токой чарбачылыгын уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча негизги жоболорду түзүүнү;

- токой чарбасын уюштуруу жана өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгууну;

- токой күтүүдө иштелип чыккан долбоорлордун ишке ашырылышына автордук көзөмөлдү жүргүзүүнү;

- токой күтүүнүн башка аракеттерин камтыйт.

Токой жайгаштыруу материалдары жерге жайгаштыруу органдары менен макулдашылат, токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну ишке ашыруу, токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү учурдагы жана келечектеги пландаштыруу жана прогноздоо үчүн негизги уюштуруучулук-чарбалык документтер болуп саналат. Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду жайгаштыруу республикалык бюджеттен, бюджеттен тышкары булактардан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын токой жайгаштыруу жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлөт. (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 , 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-83)  
Кийинки берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-85)
