# 83-берене. Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 83-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-83

---

Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры жүргүзүлөт:

- мамлекеттик токой фондун коргоону, сактоону, жаңыртып өстүрүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу үчүн;

- парник газдарынын эмиссиясына жана токойлордун аларды сиңирүүсүнө баа берүү жана контролдоо үчүн;

- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун сандык жана сапаттык өзгөрүүлөрүн тутумдук контролдоо үчүн;

- кызыкдар уюмдарды жана жарандарды мамлекеттик токой фонду жөнүндө так маалыматтар менен камсыздоо үчүн.

Токой кадастры төмөнкүлөрдү камтыйт:

- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун укуктук режими жөнүндө маалыматтардын тутумун;

- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун абалы жөнүндө сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрдү;

- парник газдарынын эмиссиясын жана токойлордун аларды сиңирүүсүн инвентаризациялоо жөнүндө маалыматтар тутумун;

- токойлорду корголуу категорияларына бөлүүнү, аларды экономикалык баалоону жана токой чарбачылыгын жүргүзүү жана чарба ишинин натыйжаларын баалоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.

Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры токой жайгаштыруу материалдарынын, Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү тутум боюнча инвентаризациялоонун жана атайын изилдөөлөрдүн негизинде токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик токой фондун эсебин алуунун жана токой кадастрынын документтери мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жана токой чарба мекемеси тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 111 "Токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-84)
