# 82-берене. Токойлорду улуттук инвентаризациялоо жана токой мониторинги

- Документ: [Токой кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/10)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: 1999-жылдын 8 - июлундагы № 66 Кыргыз Республикасынын "Токой кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 08.07.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/10#diff=2793..2815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-7/edition/1138595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/10/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токой кодекси, 82-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-82

---

Токойлорду улуттук инвентаризациялоо токой саясатынын жана токой баскан жерлердин аянттарын жер фондунун категориялары боюнча бөлүштүрүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер отчетунун негизи болуп саналат. Токойлорду улуттук инвентаризациялоо мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген жерлерде жайгашкан Кыргыз Республикасынын токойлорунда жүргүзүлөт. Токойлорду улуттук инвентаризациялоо жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Токойлордун мониторинги токойлорду натыйжалуу коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун абалына жана өзгөрүү динамикасына байкоо жүргүзүү, баа берүү жана прогноздоо тутумун билдирет. Токой мониторингин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/10/st-83)
